BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Президент Жапаров дүйнө лидерлерине кайрылды
Президент Садыр Жапаров дүйнө мамлекеттеринин башчыларына кайрылып, алдыда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырды. 3-июнда БУУда Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу эмес мүчөсү шайланат. Азия-Тынч океан аймагынан кеңештеги бир орун үчүн Кыргызстан менен Филиппин ат салышууда.
Абактагы сүйлөшүү боюнча ЖАМК реакция жасады
Кайтаруу жана конвой менен коштоо департаментинде тергөө иш-чаралары учурунда кызматтык тартип талаптарынын бузулушу фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.
Африкада Эболанын жаңы очогу катталды, Конгодо 65 киши өлдү
Африкадагы Саламаттык сактоо боюнча башкы агенттик Конго Демократиялык Республикасынын чыгышында Эбола вирусунун жаңы очогу катталганын билдирди. Өлкө бийлиги азырынча расмий маалымат бере элек.
Кашка-Суудагы беш өмүрдү алган жол кырсыгы: келин үч баласы менен каза тапты
Беш адамдын өмүрүн жол кырсыгы 14-май күнү кечке маал Чүйдүн Кашка-Суу айылында болгон. Андан 29 жаштагы Сезим Сапарбекова жана анын 2, 4, 6 жаштагы балдары, 14 жаштагы сиңдиси мүрт кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, конокко келген келинди үч баласы жана сиңдиси менен кошо катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа сүзүп кеткен.
Күндүн видеосу
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
"Бул сенин иниң же сиңдиң эмес". Украинада карын эне болгусу келгендер көбөйдү
Согушка карабастан, карын эненин кызматын колдонуу максатында Украинага дүйнөнүн булуң-бурчунан түгөйлөр келишүүдө. Өнүккөн репродуктивдүү медицина, башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жумшак мыйзамдар жана жеткиликтүү баалар бул жакка болочок ата-энелерди АКШдан, Европадан, ал тургай Кытайдан да тартууда.
Ташиевдин иши сотко өттү. Аны менен кошо айыпталган жети адам ким?
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен кошо кайсы саясатчылардын иши сотко өткөнү белгилүү болду.
Кашка-Суудагы жол кырсыгында каза тапкандар бир үй-бүлөдөн болгон
Чүй облустук милициясы Кашка-Суу айылында болгон оор жол кырсыгынын себептерин иликтеп жатат. 14-майга караган түнү катталган кырсыктан беш адам каза болду. Алардын төртөө 14, 6, 4 жана 2 жаштагы балдар экени ырасталды.
Си Цзиньпин Кытай менен АКШ атаандаш эмес, өнөктөш болушуна чакырды
Дональд Трамп менен Си Цзиньпин Бээжинде жолугушту. Эки лидер Эл өкүлдөр жыйынынын чоң сарайынын алдында кызыл килем үстүндө кол алышып, андан соң маанилүү сүйлөшүүлөр үчүн имаратка киришти.
Теги өзбек аял АКШ Сенатында Эпштейнге каршы көрсөтмө берди
Теги өзбекстандык Роза аттуу аял АКШ Сенатында Өкүлдөр палатасында америкалык финансист Жеффри Эпштейнге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу The Times жазды.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

