Рианна
Рианна(англ Rihanna, толук аты Робин Рианна Фенти, англ Robin Rihanna Fenty) - Жаштардын сүйүктүү ырчысы болгон. Рианнанын толук аты Робин Рианна Фенти. Ырчы 1988-жылы 20-февралда Вест-Индиядагы Барбадос аралында төрөлүп, балалыгы ошол аралда өткөн. Атасы Рональд Фенти Барбадос аралынын тургуну болгону менен анда ирланддык кан бар. Апасы Моника Түштүк Америкада жайгашкан Гайана мамлекетинде төрөлүп-өскөн. Рианнанын чыгармачылык шыгы мектепте окуп жүргөндө эле байкалган. Өзү окуган мектепте өткөн конкурстарга активдүү катышып, “Сулуулук жана талант” конкурсунун жеңүүчүсү болууга да жетишет. Айтор, ыр-бий жагынан шыгы бар окуучулардын катарында жүрүп, дайыма ырчы болууну кыялданып келсе да, кыялдануусу турмушта иш жүзүнө ашат деп эч ойлогон эмес. Качан гана Нью-Йорктон келген Эван аттуу продюсер Рианнанын ырдаганын бир кечеден угуп жактырып калып, бирге иштешүүнү сунуш кылганда болочок ырчыда үмүт пайда болот. Жаш кыздан мыкты ырчы чыгаарына көзү жеткен Эван аны Нью-Йоркко чакырат. Рианна продюсердин сунушун ойлонбостон кабыл алып, 2005-жылы Барбадостон Нью-Йоркко келет. Ошол күндөн тартып болочок жылдыз ырчылык карьераны баштоого бел байлайт. Нью-Йоркко келгенде анын чыгармачылыкка болгон кызыгуусу күндөн-күнгө күч алып, аз убакыттын ичинде Эван менен чогуу бир канча ырларды жаздырат. Анын ырларын көпчүлүк жакшы кабыл алып, аз-аздан өз күйөрмандарына ээ боло баштайт. Өзгөчө, ырчынын алгачкы “Pon De Replay” аттуу ыры ийгиликтүү жаралат. “Эван жана анын жубайы Карлга абдан ыраазымын. Бул адамдарга жолукпаганымда кыялымда гана ырчы болуп жүрмөкмүн” дейт бийкеч өз сөзүндө.
ИЙГИЛИККЕ КАДАМ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ошентип, үнүнө келишимдүү келбети төп келген аренби ырчысы аз убакыттын ичинде эле эл алдына суурулуп чыгып, музыка дүйнөсүндө Рианна аттуу ысым пайда болот. Аты чыга баштаганынан көп өтпөй, Рианна бир канча үн жаздыруучу компаниялардын президенти болгон миллионер рэппер, белгилүү ырчы Бейонстун жигити Жей Зинин кабыл алуусунда болот. “Жей Зи менен биринчи жолукканымда өңүмдө көрүп жатканыма ишене албай толкунданганым эсимде ”дейт ырчы. Жей Зи Рианнанын ырларын угуп көрүп, анын ырчылык жөндөмдүүлүгүнүн жогору экенин байкап, иштешүүгө макул экенин билдирет. Ошол күндөн тартып Рианна Жей Зи менен иштешип, анын үн жаздыруучу студиясында ырларын жаздыра баштайт. Жей Зи да таланттуу кызга колдоо көрсөтүүдөн баш тартпайт. Анын “SOS” деген ыры чыгаары менен хит-параддардын алдыңкы орундарын ээлеп, түнкү клубдардан, күйөрмандарынын машиналарынан жаңыра баштайт. Ырчынын дал ушул ыры “Nike” деген компаниянын рекламасында жаңырат. Андан көп өтпөй “Music Of The San” деген альбому жарыкка чыгып, миллион нуска менен дүйнө жүзүнө тарайт. Аталган альбом ырчынын популярдуулугун бир канча тепкичке көтөрөт. Ал эми экинчи романтикалуу “If Its Loving That You Want”аттуу ыры да хит ырлардын катарынан орун алат. Өзгөчө “You Don’t Love Me No,No,No” деген романтикалуу ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк табат. Ырчынын үнүнө гана эмес, келишимдүү мүчөсүнө да кызыккандардын саны көбөйөт. Белгилүү компаниялардан ырчыга рекламалык роликтерге тартылуу сунуштары түшө баштайт.
ЖАШ АТААНДАШ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Рианна менен Бейонстун келбеттеринин окшоштугунанбы, айтор, Рианнаны өз мекенинде “жаңы Бейонс” деп айтышат. Ошондой эле “Жей Зи менен жаңы чыгып келаткан жылдыздын ортосунда өзгөчө мамиле бар, Рианна Бейонстун атаандашы” деген да айрым сөздөр айтылып келген. “Жей Зи менен Рианнанын мамилелери жөнүндө эмне айта аласыз?” деген журналисттердин суроосуна Бейонс: “Рианна менен Жей Зинин ортосунан чыгармачылык мамиледен башка эч нерсе байкаганым жок. Анан дагы Рианна өтө жаш. Ошондуктан, мен аны атаандашым катары эсептебейм” деп жайдары гана жооп берген. Ал эми Рианнанын кумир туткан ырчы айымдарынын катарында Бейонс да бар экенин айта кетсек ашык болбос. Жылдызы жанып турган ырчынын алдыда киноактриса болуу максаты бар. Ага бир канча белгилүү режиссёрлордон сунуштар түшүүдө.
НИКОЛЬ МЕНЕН БИР САХНАДА
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Рианна “Пуссикат Долс” группасынын эң жагымдуу солисткасы Николь Шерзингер менен дуэт жаздырууда. Экөөнүн биргеликте ыр жаздыруусуна күйөрмандарынын суранычы гана эмес, дезодорант чыгаруучу “Sekret” компаниясынын сунуш кылган чоң суммадагы акчасы да себепкер болгондой. Анткени, эки жылдыз дуэтти атайын атыр чыгаруучу компаниянын рекламасы үчүн жаздырышууда. Биринен-бири кем калбаган эки популярдуу ырчынын дуэти “Winning Women” деп аталат.
Жаркынай Нусубалиева, www.super.kg - веб сайтынан алынды