Мазмунга өтүү

Лиссабон

Отурукташкан жай
Лиссабон
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө [[ Португалия]]
Координаттар 38°43′ с. ш. 9°10′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 53 аймакка (freguesias) бөлүнөт
Мэр Антониу Кошта
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышы лат. Olissipo, ар. al-Lixbûnâ
Аянты 83,84 км²
Убакыт аралыгы UTC+0, жайында UTC+1
Калкы
Калкы 545 245 адам (2010)
Жыштыгы 6503,41 адам/км²
Агломерация Чоң Лиссабон
Этнохороним Lisboeta, Lisbonense,
Olisiponense (айтыл.), Alfacinha (сүйл.)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +351 21
Почта индекси 1000-1900
Расмий сайты http://www.cm-lisboa.pt/
 (порт.)  (англ.)

Лиссабон, Лисабон (порт. Lisboa, /liʒ'boɐ/, лат. OlisipoПортугалиянын борбору жана башкы шаары. Пиреней жарым аралынын түштүк-батыш жээгинде Тежу дарыясынын чатында, Атлантика океанынан 15 км аралыкта жайгашкан. Лиссабон округунун административдик борбору.

Калкы 473,6 миң (2010; Чоң Лиссабон агломерациясында 2,6 млн). Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Өлкөдөгү ири порт (жылына 15 млн т. жүк ташылат). Финикиялыктар тарабынан болжол менен биздин заманга чейин 2-кылымда негизделген. 1147-ж. арабдардан португалиялыктар тартып алып, Португалия королдугунун курамына кирген. 1255- жылдан Португалиянын борбору. Кеме куруу, электр-техникалык, химия, нефть ажыратуу, металлургия, текстиль, тамак-аш (анын ичинде зайтун майы, балык консервалары) жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. Роман стилиндеги собор (12-к., 18-кылымда кайрадан курулган), готика стилиндеги кармелиттердин монастыры (14–15-к.), 17–18-кылымдын ак сарайлары, Ла Эштрела базиликасы сакталган. ИА, университеттер, музейлер (анын ичинде археологиялык, этнографиялык, диний, көөнө жана заманбап искусство), театр, планетарий бар. Ботаникалык бак, зоопарк уюштурулган. Эл аралык туризмдин ири борбору. Жыл сайын заманбап (1977) жана көөнө (1980) музыка фестивалдары өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7